"Спорт Ордосунда жарылуучу зат катылган" деген маалыматты билдирген жаран табыла элек

"Спорт Ордосунда жарылуучу зат катылган" деген маалыматты билдирген жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов билдирди.

“14-март күнү 102 кызматына Спорт Ордосунда мелдеш өтүп жаткан учурда "жарылуучу зат катылган" деген маалыматты билдирген жарандын өздүгүн аныктоо иштери жүрүүдө. Ал борбордон уюлдук телефондон жашырылган номер аркылуу чалганы аныкталды. Азыркы тапта аны издөө боюнча ыкчам иликтөө иштери уланып, ага бардык тиешелүү мекемелер тартылган”,- деди Р.Сулайманов.

Эске салсак, 14-март күнү "жарылуучу зат катылган" деген маалыматтан улам Спорт Ордосунда өтчү мелдеш 15-мартка саат 18:00гө жылдырылып, чогулган эл зорго таратылган эле. Мелдешти көрүү үчүн келген күйөрмандар 2,5 саат убакыт сыртта күтүп турушуп, андан соң милиция кызматкерлери алардан тарап кетүүнү суранышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Beki035
2015-03-18 10:37:45
Аракет кылбай эле коюшбайбы бари бир таба алышпайт
0
myshka406
2015-03-18 10:52:13
Beki035, табылбай эле койсо экен.
-1
Bakulya79
2015-03-18 12:28:10
бизде тапкан эмес таппайт дагы .
0
azat_sokrat
2015-03-18 12:36:43
Эмнеге табал албайт?!табат мындай окуя бишкек паркта да катталды эмес беле аны таптыго!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан