* Мындан 31 жыл мурун, 1984-жылы обончу, аткаруучу, диктор Жолдубай Кайыпов 37 жашында киши колдуу болуп каза тапкан. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жолдубай Кайыпов 1946-жылы 11-августта Нарын облусундагы Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылында туулган. 1963-жылы Ысык-Көл айыл чарба техникумун, 1974-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүргөн. Ал эми 1963-1967-жылдары "Пограничник" колхозунда зоотехник, 1965-1973-жылдары опера жана балет театрында солист, 1973-1984-жылдары Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде диктор болуп иштеген.
* Мындан 129 жыл мурун, 1886-жылы АКШнын Атланта шаарында фармацевт, полковник Жон Пембертон "Кока-Коланын" алгачкы рецебин ойлоп тапкан. Американын Жоржия штатындагы Атланта шаарында жашаган Жон Пембертон аттуу фармацевт өз алдынча өзгөчө сироп жасаган. Сироп даяр болгондон кийин өзүнүн эсепчисин чакырып, жаңы ачылыш менен тең бөлүшкөн. Сироп алгач таттуу жана коюу болгон. Алар заматта анын эмнеден жасалышын кагаз бетине түшүрүп коюшкан. Даяр болгон сиропту "Жейкобс" аттуу дарыканага алып барып, сиропту газдалган суу менен аралаштырышкан. Алгач суусундукту көңүл чөккөндөргө каршы дары катары пайдаланышып, ал тургай кээ бири бул сиропту импотенциядан да айыктырат деген ишенимде болушкан.
* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Москва шаарындагы "Любянка" жана "Парк культуры" метролорунда камикадзе террорчулары тарабынан жардыруу болгон. Жарылуунун кесепетинен 41 киши каза болуп, 88 адам ар кандай жаракат алган. Көз жумгандардын арасында кыргыз өлкөсүнүн да жарандары болгон.