
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы “Бета Сторес-3” соода борборунун наабайканасында иштеген түрк жараны
Гюнеш Йылмаз сатуучу болуп иштеген
Чолпон Орузбаеваны эскирип кеткен баклаваны сатасың деп сабап, ал тургай зордуктоого аракет кылган. Натыйжада Чолпондун ичегиси айрылып, операция жасалган. Окуя болгон күнү Чолпон Орузбаева №7-шаардык милиция бөлүмүнө арыз жазган. Гюнеш Йылмаз кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан анын үстүнөн кылмыш иши козголгон.
* Мындан 8 жыл мурун, 2007-жылы АКШнын Виргиния штатындагы студенттер шаарчасында 23 жаштагы Чо Сын Хи аттуу кореялык студент институттун аймагында жүргөн адамдарга ок чыгарган. 32 адам каза болуп, 40тай киши жаракат алышкан.

* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Түндүк Каролина штатында 62 торнадо катталып, акыркы 20 жылдагы күчү жагынан эң кубаттуу болгонун окумуштуулар билдиришкен. Табият кырсыгы болуп өткөн аймактарда миңдеген үйлөр чатырсыз калып, бак-дарактар жыгылып, автоунаалар зыянга учурап, 250 миңдей тургун электр жарыгысыз калган.

* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы эртең менен саат 09:00 чамасында Түштүк Кореянын Инчхон шаарынан багыт алган чоң кеме сууга чөгүп кеткендиги белгилүү болгон. Анда 475 адам болгон. Алардын 325и - саякатка чыккан мектеп окуучулары, 14ү - мугалимдер, 111и - жүргүнчүлөр, 25и - экипаждын кызматкерлери. Кырсыкта 300гө чукул адам каза болуп, 30дай адам дайынсыз жоголгон.
18-апрелде окуучуларды кемеде коштоп жүргөн мектептин директорунун орун басары Кан Мин Гю бул окуяга өзүн күнөөлүү сезип, спортзалда асынып алган. Ал эми 19-апрель күнү кеменин капитаны Ли Чжун Сок “өз милдеттерин так аткарган эмес” жана “деңиз мыйзамдарын одоно бузган” деп айыпталып, камакка алынган. Ал кеме чөгүп бара жатканда экипажды башкарбай чыгып кеткенин жана ал учурда кемени 25 жаштагы жардамчысы башкарганын айтып, күнөөсүн моюнуна алган.