Бишкекте Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата балдар тарабынан даярдалган салтанаттуу концерт өттү

Бүгүн, 8-майда Бишкектеги “Сейтек” балдар борборунда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата “Жеңиш виваты” аталыштагы балдар тарабынан даярдалган салтанаттуу концерт өттү. Анда жашы 6дан 17ге чейинки таланттуу улан-кыздар согуш ырларын ырдап, спектакль коюп, бий аткарышты. Иш-чаранын уюштуруучусу Ирина Соломконун айтымында, мындай концерт биринчи жолу Улуу Жеңиштин 60 жылдыгына арналып коюлган, ошол маалдан тартып бул салтанат салттуу мааракеге айланган.  

Биздин “Сейтек” балдар борборунун “Улыбка” ансамбли тарабынан мындай саамалыктар жыл сайын 9-майга карата бир нече ирет өткөрүлөт. Ага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин, окуучуларды чакырабыз”,- деди уюштуруучу.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан