Балбан Амантур Исмаилов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болду.
Ал 72 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдешти үчүнчү орун менен жыйынтыктады.
Буга чейин Исмаилов чейрек финалда ирандык атаандашына 0:9 эсебинде утулуп калган. Бирок ирандык балбан финалга чыккандыктан, кыргызстандык спортчу көңүл жубатуучу беттешке катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.
26-октябрда өткөн көңүл жубатуучу беттеште Исмаилов швециялык атаандашын 9:0 эсебинде жеңип, коло медаль үчүн күрөшүүгө жолдомо алган. Андан соң ал коло байге үчүн беттеште Орусиянын өкүлү менен күч сынашары белгилүү болгон.