Бишкекте Энелер күнүнө карата көргөзмө өтөт

Бишкекте 15-майда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Энелер күнүнө карата "Эне - ааламдын руху" аттуу көргөзмө өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Кыргыз жергесинин аялдар конгрессинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, көргөзмөгө сүрөт, керамика, графика, скульптура жана башка эмгектер коюлат. “Жаш жана дасыккан, атактуу жана келечектен көптү үмүттөндүргөн искусство чеберлеринин энеге жана анын руханий дүйнөсүнө арналган чыгармалары сунушталат. Бул чыгармалар муундан-муунга өтүп келе жаткан эненин жана баланын мамилесин, баласы үчүн эне өзүнүн жанын аянбастан курмандыкка чаларын айгинелейт.

Аялзаттын сулуулугу, ички дүйнөсүнүн сырдуулугу адамзат үчүн ар дайым чечилгис табышмак болуп келген. Бул сырды табууга акындар да, жазуучулар да, сүрөтчүлөр да арбын аракеттерди жасашкан. Изденүүнүн негизги максаты энелик ариетти түшүнүү жана аздектөө болуп эсептелет”,- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан