Тогуз-Торо районунун тургуну Ширинбек Абдрахманов атасы инспекторго 2 миң сом пара берген деген айып менен эки жылга эркинен ажыратылганын билдирди. Анын айтымында, атасы алты айдан бери камакта отурат.
Бул ишке байланыштуу президент Садыр Жапаров кылмыш ишинин сотко жетип, ушундай өкүм чыгарылганына нааразычылыгын билдирип, прокуратура жана сот өкүлдөрүн сынга алды.
Белгилесек, президент бүгүн, 26-октябрда Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды.