Бишкекте Эл аралык музейлер күнүндө каалоочулар музейге акысыз саякат кыла алышат

17-майда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Эл аралык музейлер күнүнө карата “Көркөм сүрөт музейиндеги түн” аталышындагы майрамдык иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда музейден билдиришти. 

Маалым болгондой, Эл аралык музейлер күнү - бүткүл дүйнөдө жыл сайын белгиленчү майрам. Аны Америкадан тартып Европа, Азия жана Африка өлкөлөрүндө салтанаттуу түрдө майрамдашат.

Иш-чаранын жүрүшүндө каалоочулар Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейине акысыз саякат жасап, көрүп чыгууга жана сүрөтчүлөрдүн жараткан эмгектеринин сырын билүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Муну менен катар келген коноктор живопись, графика багытындагы сүрөтчүлөрдү жана скульпторлорду жумуш учурунда көрүп, актёрдук чеберчилик боюнча тренингдерге катыша алышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан