Бүгүн, 15-майда Ош шаарындагы Токтогул атындагы эс алуу багында “Гүлдөр майрамы-2015” көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, көргөзмөгө гүл өстүрүү менен алектенген
ишканалар, багбанчылыкты сүйүүчүлөр, багбанчылык коомунун мүчөлөрү, жеке чарба
ээлери, коомдук уюмдар, шаардагы мекеме-ишканалар, шаар жетекчилигинин өкүлдөрү
катышат. Иш-чаранын жүрүшүндө "Гүлдөр фантазиясы" декор элементтери менен жасалган
оригиналдуу гүлдесте", "Композиция", "Жандуу гүлдөрдүн композициясынан түзүлгөн гүлдесте", "Кургатылган гүлдөрдүн композициясынан түзүлгөн гүлдесте", "Аз кездешүүчү бөлмө
гүлдөрү жана композициялары", "Аз кездешүүчү бакча гүлдөрү", "Ишкана жана мекеменин
гүлчамбарлары" деген номинациялар боюнча мыктыларга сыйлыктар тапшырылат. Көргөзмөнүн
жүрүшүн Ош шаарындагы белгилүү ырчы, бийчилер коштойт.