Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевдин 90 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 29-майда Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сооронбай Жусуевдин 90 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу китепкананын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, көргөзмөгө Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданий жана илимий кызматкерлер, студенттер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, акындын туугандары жана окурмандар катышты.

Айта кетсек, Сооронбай Жусуев 60ка жакын китептин автору, айрым чыгармалары орус, тажик, түрк, өзбек, кытай жана башка тилдерге которулган. Ошондой эле ал Шекспир, Сулейманов, Гамзатов, Есенин, Махтумкули өңдүү акын-жазуучулардын китептерин окурмандарга тартуулаган. 

Жусуев ыр менен жазылган "Курманжан датка" романы үчүн Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык, "Моя жизнь" деген китеби үчүн А.Фадеев атындагы сыйлык ыйгарылган. Согуштагы эрдиктери жана чыгармачылык эмгектери үчүн Ата Мекендик согуш ордени, Даңк, "Эмгектеги артыкчылыгы" медалдары, Кыргыз ССРинин Ардак грамоталары менен сыйланган. "Кыргыз Эл акыны", "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамдары берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан