Биз социалдык тармакта

Бүгүн Астанадагы Дүйнө чемпиондугунда 4 кыргызстандык балбан килемге чыгат

Бүгүн, 26-октябрда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын 4 балбаны килемге чыгат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештин жыйынтыктоочу үчүнчү күнүндө кыргызстандык балбандар төмөнкү баскычтарда күрөшөт:
  • Азат Салидинов 1/16 финалдык баскычта, 87 килограммга чейинки салмакта грузиялык балбан Лаша Гобадзе менен күч сынашат;
  • Раззак Бейшекеев 1/16 финалдык баскычта, 67 килограммга чейинки салмакта казакстандык балбан Багдат Сабаз менен күрөшөт;
  • Афтандил Таалайбек уулу чейрек финалга чыгуу үчүн 63 килограммга чейинки салмакта Молдова менен Армениянын балбандарынын беттешинин жеңүүчүсү менен күрөшөт;
  • Амантур Исмаилов 72 килограммга чейинки салмакта коло медаль үчүн беттеште орусиялык балбан Мингиян Горяев менен күч сынашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан