Кыргыз футболчулары менен Австралиянын курамасы ойной турган "Спартак" стадионунда оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө

16-июнда 2018-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы Австралия менен кез келет. Бишкекте өтө турган оюнда билеттер 150 сомдон 500 сомго чейинки баада сатылат. 18 миңден ашык күйөрманга туураланып жаткан Дөлөн Өмүрзаков стадиону (мурунку "Спартак") учурда оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. 
Учурда жумушчу топ отургучтардын сынып, эскирип калгандарын жаңылары менен алмаштырып, аларга номер коюп, катарларды белгилеп жатат. Ошондой эле стадиондун австралиялык күйөрмандарга бөлүнгөн тарабында атайын тосмо тургузулду. Азырынча футбол майданынын чөптөрү тегизделип, чийиндери чийиле элек. Муну менен катар дагы аткарыла турган жумуштардын катарына жарык берүү, стадиондун кийим которуучу бөлүгүнөн майданга чыкчу жеринде атайын күндөн калкалоочу тосмо тургузуу бар. 
SUPER.KG порталы оңдоп-түзөө иштеринин мындан ары өнүгүшүнө көз салып, кабар алып турууну улантат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
Dimonbek
2015-06-04 21:41:43
Футболдо кутулбогон жыйынтыктар боло берет. Азыртадан умут узбой командабызга колдоо корсотолу... Ушундай командалар менен ойноп тажрыйба алышат деп ойлойм)))
0
ne-gramytnyi
2015-06-04 22:25:41
Жакшы нет жарым ырыс дейт утса да утпасада алар биздин спортсмендерибиз близ алан менее сыймыктанышыбыз керек
+1
Jakub911
2015-06-04 23:38:17
Баарыбыз барып колдоо корсотолу. Уйдо дубалдар да жардам берет деп коет эмеспи. Ошондуктан азыртан маанайды тушурбойлу.
+1
make2
2015-06-04 23:55:39
Долон Омүрзаков атындагы деп жазгылада спартак ал москвада адаштырбагыла кыргызстан утат буйруса биздеделе тажырыйбалуу ойунчулар бар экен
-2
st1m_
2015-06-05 09:21:12
make2, Москвада Спартак деген стадион жок досум, команда бар.
+3
kubat_1973
2015-06-05 00:12:07
урматуу супер инфо Долон Омурзаков деген ким болгон.
0
aziret-92
2015-06-05 00:48:33
kubat_1973 Долон деген Омурзак байкенин баласы болгон :-)),
0
admin_portal
2015-06-05 11:04:56
kubat_1973, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/jylnaama/event/8413
0
bom.bon
2015-06-05 00:46:14
Албетте оюндан кийин жыйынтык болот.алга кыргызстан!конокторго корсотуп койолу ойношту!
+1
iliaz-sng
2015-06-05 01:51:41
Тооктун жумурткасы котуно келгенде какалай болуп эми ондогону кириштиби
+1
iliaz-sng
2015-06-05 01:52:13
Алга биздин жигитер
-1
nookat
2015-06-05 02:11:15
буйруса утабыз кыргыз футболу алга...
0
kg.oruk-zar
2015-06-05 02:19:58
(Бизди кудай колдойт! автору А.Ш.А) кыргызым алга
+2
kg-bala87
2015-06-05 09:22:09
жакшы ондоло берсин буйруса утабыз
0
make2
2015-06-05 10:24:25
st1m Билбесең интернетти кара досуум "Спартак" Москвада 45000 миң киши батат 2018 спартактада өтөт мен эмес өзүң уят болдуң
0
nursultan1
2015-06-05 11:00:27
make2, сиз жаңылып жатасыз, Москвада Спартак футболдук клубу бар, стадион эмес. Сиз айтып жаткан стадион "Ачык Арена" (Открытый Арена) деп аталып былтыр ишке берилген жана ал стадион Спартак футбол клубунун стадиону болуп саналат.
0
st1m_
2015-06-05 12:25:06
make2,Так тушундурмо берилиптир тушунуп окуп алдын го дейм.Мен уят болгудай билбеген темага жазбайм кээ бироолорчулоп
0
ukmuw-ukmuw
2015-06-05 15:22:23
Коп суйлоп не керек топ деген тегерек!А дейбиз Б дейбиз тандан аман есен чыгаарыбызды билбейбиз!
0
kaniet
2015-06-05 17:00:56
Ошого кеткен кайран акча, жок дегенде тен тен ойносо да мейли, жон эле чыгым кылышат да
0
uefamif
2015-06-05 18:40:59
Утабыз Аллах насип кылса. Жакшы ниет кылгыла барып ойнобосонорда. Периште жакшы созго да жаман созго да "Оомин " дейт, ошого жакшы ниет кылгыла. Жаман нерсенин баарына озубуз куноолубуз эмне болсо деле "Кыргызстан мындай тигиндей" деп. Кыргызстан утат деп койуш кыйынбы. Кыргызстан баарын утат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан