22- Апрель 1927 -жылы
Коомдук ишмер Дөлөн Өмүрзаков туулган
Коомдук ишмер, Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгеги сиңген ишмер (1993 ж.) Дөлөн Өмүрзаков Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айылында туулган.
Дөлөн Өмүрзаков Токмок шаарында балдар үйүндө тарбияланган. 1942-1944-жылдары Ленинграддагы П.Ф.Лесгафт атындагы Мамлекеттик дене тарбия институтунда билим алган.
Эмгек жолун ушул институттун гимнастика боюнча кафедрасында иштөө менен баштап, ошол эле жерден аспирантураны аяктаган. 1953-жылдан баштап өз мекенине келип, Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин алдындагы дене тарбия жана спорт комитетинин төрагалык кызматы менен улаган.
Дөлөн Өмүрзаковдун жетекчилик кылып турган маалында көптөгөн спорттук оюн-зоок жайлары, анын ичинде “Спартак” стадиону, Кожомкул атындагы спорт сарайы ж.б. курулуштар курулган.
Ошондой эле Дөлөн Өмүрзаков спорт темасындагы бир нече китептердин автору.
Бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. “Ардак белгиси”, “Элдердин достугу” ордендери жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган.
Дөлөн Өмүрзаковдун ысымы 2011-жылы Бишкектеги борбордук стадионго берилген.