Эртең Бишкекте акын Анатай Өмүркановдун туулган күнүнө карата иш-чара өтөт

Эртең, 12-июнда А.Осмонов атындагы КРнын Улуттук китепканасында Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, көрүнүктүү акын Анатай Өмүркановдун 70 жылдыгына арналган иш-чара өтөт. Бул тууралуу аталган китепканадан билдиришти.
"Ыр жараткан күндөр кандай, ай, кандай,
Ар сааты, ар мүнөтү майрамдай" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүнөн тышкары окурмандар менен жолугушуу, поэзия кечеси өткөрүлөт. 
Анатай Өмүрканов 1945-жылы Талас облусунун Манас районунда туулган. "Мөлтүр сезим", "Чабалекей", "Алтын өрөөн", "Күн жол", "Бар бол", "Биринчи кар" аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагынын автору. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Taku.14.02
2015-06-11 17:17:07
айтышты да колдоп келатат жанылбасам бул киши. айтыштар болбой калдыго бизде казактар ай сайын откоруп атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан