Өлкөдө тоют былтыркыга салыштырмалуу 189 миң тоннага көп жыйналды

Өлкөдө тоют былтыркыга салыштырмалуу 189 миң тоннага көп жыйналды. Муну бүгүн, 6-июлда КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилүү болгондой, быйыл 3-июлга карата республика боюнча 862,3 миң тонна тоют камдалды. Анын 771,1 миң тоннасы чөп, 77,1 миң тоннасы саман жана 13,6 миң тоннасы силос.

2014-жылга салыштырмалуу быйыл Чүй облусунда 62,2 миң тонна тоют көбүрөөк даярдалды. Ошондой эле былтыркыга салыштырмалуу Ошто 31,8 миң тоннага, Жалал-Абадда 41,9 миң тоннага жана Ысык-Көлдө 23 миң тоннага тоют көбүрөөк жыйналган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
buduz-80
2015-07-06 12:56:30
мындай информацияны кантип беришет каратып туруп эле калп айтып,мен билгенден Таласта силос,сенаж дегенди билишпейт,ал союз убагы менен кошо кеткен,бунун баары карандай калп го
0
asilkg
2015-07-07 03:00:56
Бизде мындай жыйналды деген нерсе жок коп дабдырабагыла азыр ар ким оз алдынча кааласа дыйкан тоютун орттоп жиберет аны озу билет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан