Белгилүү түштүк кореялык актер Ко Гён Пёк үч мүнөттүн ичинде тогуз жолу кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, окуя 14-ноябрда болду. Актёр мас абалында унаа башкарып бара жатып, коммуналдык кызматтын таштанды ташыган унаасын сүзүп алган. Натыйжада 60 жаштагы кызматкер жеңил жаракат алды.
Ал 23-ноябрда милициянын бөлүмүнө суракка келип, күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, жабырлануучудан жеке жолугуп, кечирим сураганы айтылды.
Ошондой эле ал күйөрмандарынан жана шоу-программалардын тартуучу топторуна кайрылып, үч мүнөткө жетпеген убакытта баш ийип тогуз жолу кечирим сураганы белгилүү болду.
Белгилей кетсек, ал "1988-жылга кайтуу", "Жашыруун агент Хон айым", жана "Келишим боюнча сүйүү" деген белгилүү дорамаларга тартылган.