Ош шаарындагы "Алымбек датка" этнографиялык
комплексинде кол өнөрчүлүк көргөзмөсү жана
мастер-класстар өткөрүлдү. Бул
тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында шаардык мэриянын Дене тарбия жана спорт комитети катышуучуларга стол теннисин уюштурган. Мындан тышкары “Ош шаарынын жана тургундарынын сүрөттөрү” аталыштагы көргөзмө өтүп, КРнын Сүрөтчүлөр биримдигинин эмгектери, кол өнөрчүлөрдүн керамикадан жасалган буюмдары, бешиктер жана башкалар жарманкеге коюлган.
Ошондой эле фестивалдын жүрүшүндө бардык каалоочулар үчүн денеге сүрөт тартуу жана ландшафттык дизайн, флористика боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.