Бишкекте 200дөн ашык МАИчиге 22 кызматтык унаа туура келет. Муну бүгүн, 7-июлда маалымат жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Кашкар Жунушалиев билдирди. Иш-чарага катышкан журналисттер МАИ кызматкерлери “айлыгыбыз аз, ошондуктан пара алып, мыйзам бузууга барабыз” деп айтып жатышканын билдирип, суроо салышты. Жунушалиев учурда жол-кайгуул кызматкеринин маянасы 10-12 миң сомду түзөрүн билдирди.
“Силер айтып жатпайсыңарбы, "кээ бир МАИчилер жеке унаалары менен кызмат кылып жатышат" деп, бул кээде кызмат унааларынын аздыгына байланыштуу болуп калат. Унаалар тартыш болсо, айласыздан ушул кадамдарга барып жатабыз”,- деп жооп кайтарды ал.