Жол-кайгуул кызматы: “Жолго чыгып жарамазан айткан балдарды көзөмөлдөгөнгө атайын кызматкерлер дайындалган”

SUPER.KG порталында бүгүн, 7-июлда Бишкекте жаш балдардын жол чыракка токтогон унаа ээлерине жарамазан айтып жатканы тууралуу фоторепортаж жарыяланды. Шлагбаум тарапта болгон бул көрүнүш боюнча Жол-кайгуул кызматы ой бөлүштү. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматынын ага тескөөчүсү Атыркүл Бекмурзаева төмөнкүлөргө токтолду: “Биз ал жакта балдардын жолго чыгып кетпөөсү үчүн атайын инспекторду койгонбуз. Тилекке каршы, унаа кыймылы көбөйгөн маалда биз ал жакты көзөмөлдөй албайбыз. Башкысы, балдарга эскертүү берилип келет. Ал эми ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү биздин жумуш эмес”.

А.Бекмурзаева белгилегендей, шаардын башка көчөлөрүндө мындай көрүнүштөр дээрлик байкалбайт. “Биздин кызматкерлер чакыруулар менен барып, Шлагбаум жакта чара көрүүгө аракет кылып жатышат. Башка жактарга чакыруу болгон эмес”,- деди ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Lintel
2015-07-07 15:28:20
Оштогу жолдогу ысырык салган ЛОЛУлорго да тыю салыш керек. Жолдун ортосунда сасытып сузуп кетсе дагы айдоочу кунолу.
+1
Sake80
2015-07-07 18:40:00
Жон эле аякка барганда пайда тушпойт да дебейби.Андан коро машина тоссо кобуроок пайда тушот десе болотда
0
sirgak_92
2015-07-08 00:33:20
ооой кана дайындалганы азыр эле кордум шлагбаумдан тоолтура журушот ата энеси менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан