“Унаанын алдынкы терезелерин караңгылатуу уруксаты сатылат же тааныштар аркылуу берилет” деген - жалган маалымат”,- деди бүгүн, 7-июлда маалымат жыйындын жүрүшүндө КРнын Ички иштер министрлигине караштуу Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченко. Анын айтымында, коомчулукта мындай имиш сөздөр байма-бай айтылып жатат.
“Өкмөттүн 2011-жылдын 21-февралында кабыл алынган №59-токтомунда кимге унаанын алдынкы терезелерин караңгылатуу уруксаты берилери жазылган. Андан башка айдоочулар үчүн сатылбайт жана тааныштар аркылуу берилбейт. Муну дагы бир жолу баса белгилегим келет”,- дейт Дьяченко.