Бишкекте жаңы стадион куруп, ага Дөлөн Өмүрзаковдун ысымын берүү жагы сүйлөшүлдү
Бишкек шаарынын четинде, тактап айтканда, "Манас" аэропортуна жакын жактан жер бөлүнсө, 100 миллион доллар акча каражатына стадион курулат. Муну бүгүн, 20-июлда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Шейшенкул Бакиров билдирди. Анын айтымында, бул боюнча өкмөт башчы Темир Сариев менен жолугушууда сөз болгон. "Ал стадион бир гана футболго эмес, бардык спорт түрлөрүнө ылайыкташып салынат. Эгер стадион курулуп калса, ал жакка Дөлөн Өмүрзаковдун ысымын берүү жагы да сүйлөшүлдү жана ал кишинин эстелиги тургузулат. Ал эми учурдагы Дөлөн Өмүрзаков стадиону жеңил атлетика жана башка спорт түрлөрү боюнча өткөн мелдештерде колдонула берет деп үмүт кылабыз",- дейт Ш.Бакиров.
Кандай жакшы кабар!! Стадионду ''Манас'' ысымын берсе кандай болот
+2
nursultan1
2015-07-20 15:06:07
Оуу ал жак алыстык кылатко. Анын үстүнө Бишкек шаарынын аймагына кирбейт, эми шаардыктарга жакыныраак жерге курулса жакшы болмок мисалы: футболный центрдин ордуна
0
dosym
2015-07-20 15:16:41
эмне учун долон омурзаковдун аты берлет тактап койсонор себебин билдирип
+1
M89
2015-07-20 15:19:01
Манас, Семетей, Сейтек деп деле аташса болот го. Долон Омурзаковдуку бар го. Эки ат менен эки жерге крушпай. Ушул боюнча менде кооп ойлор бар эле каап.
+1
bolotbai
2015-07-20 15:24:46
Долон Омурзаков атындакы стадион бар го,кайра кайра эле ушул ысымды ыйгара беришеби?кимдер чечип кимдер макулдашты негизи?Бугун Ысык колдо премьер министр болгон бассейиндин атын да Долон Омурзаков коюшуптур.Андан коро жаны стадионду Кыргызстан деп койсо эн жакшы жарашмак.Эми бутундой спорт зал стадиондорду Д Омурзаков деп которуп алгыла анда ушул ысымды жакшы корсонор.
+1
Azamat_15
2015-07-20 15:34:20
"Манас Арена" деп койсо жакшы болот эле
+1
jugorsk
2015-07-20 15:48:38
Долон омурзаков деген ким ал фуболистпи же атлетпи
убагында раматылык АЛМАМБЕТ АНАПИЯЕВ айткан эле.эгерде жер болуп беришсе мен азияда эн чон стадион.спорт комплекс салганга кучум жетет.спонсорду кайдан кантип табам ал оз ишим деп..ошондо мамлекеттен жооб болгон эмес
+1
Patriot...kg
2015-07-20 17:07:29
Уау кандай жакшы жанылык
+1
sirgak_92
2015-07-20 18:34:59
"Manas" stadium,"Manas"arena
+1
Nusii
2015-07-20 19:26:47
''Manas'' stadium деп атаса жакшы болот. Кичине командага дух берет оюндарда. Манас ата бизди колдойт деп!
+1
st1m_
2015-07-20 20:28:47
"Манас арена" "Бишкек арена" деген ондуу аттарды койсо болмок
0
Izdeim_seni.
2015-07-20 20:53:18
Менин атымды эле коюп койгулачы,итак деле билбейт экенбиз эч кимибиз Долон деген ким болгонун.
0
Sadyrov_n93
2015-07-20 22:50:18
Izdeim_seni., Oilonup jazchy e tantyrai berbei.
0
make2
2015-07-21 02:24:23
Шаарга көрк беретурган жерге салыш керек, аэропорт алыс, эч ким барбай каралбай калбасын, көлдөгү ат майдандай болуп
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.