Ысык-Көлдөгү "Каприз" пансионатынын "капризный" кызматкерлери малайзиялык журналисттерди таң калтырышты

Бишкекке 24-июлда Малайзиядан делегация келип, SUPER.KG`нин журналисттери конокторду мейманканага чейин коштоп барышкан. Мындагы айрым кемчиликтер байкалып, "Park Hotel" мейманканасындагы сервистин начардыгын сындаган элек. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановдун пикирин сураганыбызда элчи борбор шаардагы алдынкы деп эсептелген отелден мындай мамилени күтпөгөнүн айткан. Коноктор Ысык-Көлгө жөнөп кетишкенин, ал жактагы мейманкананын сервиси жакшы болсо экен деп тынчсызданып жатканын кошумчалаган эле. Тилекке каршы, Ысык-Көлдө деле конокторду ойдогудай күтүп алышкан жок. Бишкектегидей эле кемчилик Ысык-Көлдөгү эң кымбат, "элитный" делген "Каприз" пансионатынан да көрүндү.
Жол жүрүп келген коноктордун оор жүктөрүн бөлмөлөргө жеткирүү милдети бир эле кызматкерге жүктөлүптүр. Анын да атайын жүк ташуучу арабасы жок, оор чемодандарды кол менен ташыганы коноктордун таңдануусун жаратканын айта кетели. Жүктөрү го мейли, эптеп жеткирип беришти. Номерлерге деп берилген ачкычтар туура келбей, коноктор бөлмөсүнө кире алышпай бушайман болушту. Пансионаттын кызматкерлерине кайрылышса, жардамга жүгүрүп келе калган бирөөсү да болбоду. Улам-улам кайрылып жатып, акырында келип ачкычтарды алмаштырып беришти. 
Дагы бир ыңгайсыз жагдай - пансионаттагы күзөтчүлөрдүн мамилеси. Кыргыз же орус тилин билбеген малайзиялык конокторду коштоп жүргөн адамдарды пансионаттын аймагына киргизбей коюшуп, администраторлорго кайрылганда алар пансионаттын аймагына кириши үчүн бир адамдан бир күнгө 500 сомдон талап кылышты. Жөн жерден акча өндүрүү аракети пансионатта көп байкалды. Айтор, Бишкектегидей эле Ысык-Көлдө да мейманкана кызматкерлери конокторго меймандостук сапатты, жогорку деңгээлдеги тейлөөнү көрсөтө алышкан жок. 
Кыргыз элин башкалардан айырмалап турчу өзгөчөлүгү - меймандостугу. Туризмди өнүктүрүүнү көздөгөн мамлекет үчүн өлкөгө кирген ар бир туристтин мыкты тейлөө көрүп, үйүнө жакшы маанайда кетүүсү маанилүү. Бул үчүн бардык жерде сервис мыкты деңгээлде болушу шарт, туристтердин эсебинен ири киреше таап жаткан мекеменин кызматкерлери жүгүрүп кызмат көрсөтүүгө тийиш эле. Бирок майда көрүнгөн олуттуу кемчиликтердин жоюлбай жатышы өкүндүрөт.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (56)
XxX_1
2015-07-28 09:20:48
Бул жайдын аймагына кирүү үчүн 500 сом талап кылууну мен ашыкча деп эсептейм. Адам деген напсисин тыя албай калган го! Эмне басып киргенден чыгымга учурап жатабы?! Тартипти күчөтөбүз десе ошол тартипти, тарбияны күзөт кызматынан баштаса болмок. Эшигин көрүп төрүнө өт дейт кыргызда. Эшигинде күзөт кызматкери "үрүп" турса туристер төргө өтүүдөн коркушат го. Эӊ жөнөкөй туристтерге сылык мамиле жасоону билбейбиз. Акыркы кезде бул бизге жат көрүнүш болуп калгандай.
+1
Latyshka
2015-07-28 09:22:10
Колдун жээгинин баары пансионаттар. Пансионатка кире албайсын. Киргенине ар бир кишиден бери дегенде 50 сом алышат. Местныйлар аран киришет "местныйбыз" деп коркутуп жатып.
Эми бул КАПРИЗ келсек, билбейм ал жактын кызматкерлери кандай, бирок бул кабарга таянсак, жон жерден уят кылышыптыр. Туризмди онуктуробуз десек, жакшы тейлешибиз керек.
0
XxX_1
2015-07-28 09:25:16
"Элитный" делген "Каприз" дейт, атына заты жарашкан болуш керек. Бул статусту алып жүргөндөй эле. А бизде "сырты жалтырак, ичи калтырак" деген ушу. жайдын сүрөтү тимеле керемет. Ичинде тейлөөнүн мынчалык экени өкүндүрөт. Канчалаган туристтерди чакыруу аракети болуп жатат, эгер башка жерде деле ушундай тейлөө болсо, экинчи кайтып келүүсүнө күмөнүм чоӊ! Андыктан проблема оркойуп көрүнүп турат, аны жөнгө салышыбыз керек оӊдошубуз керек.
+1
ertur
2015-07-28 09:41:33
ЭЭээ туугандар только окутуш керек тейлоочулорду
0
Likvidator
2015-07-28 09:44:55
Бул коноктор Кыргызстанды Кыргыздарга жамандатуу учун келген окшойт. Ушулар келгенден бери жакшы нерсе окубай калдым. "Жаманды жашырып, жакшыны ашырып" деген нерсе жокпу? Жаман болсо да Мекен, жаман болсо да Кыргыз. Кыргыз деген жерде мен учун баары жакшы.
+1
niko-nuku
2015-07-28 09:56:00
Мен да колго бардым жакын арада.Жеке мейманканада токтогом.Кол жээгине отуу учун пансионат кузотчулоруно 50 сомдон берип жаттым.Уч адамга 150 сом.Кунуно эки жолу жээке отсон 300 сом болот.Аябай эле конул иреенжип калат экен.Атайын журналисттер келсе жакшы жагыбызды коргозсок,алар жазган материалдарды окуп канчалаган туристтер келмек.Министр же президент келсе,алар келет кетет.А журналисттер олкобуз тууралуу жакшы жазса туристтер кобойот,жаман жагыбызды жазса туристтер жоголот деген созда.
+4
deva
2015-07-28 10:13:15
Келген журналисттер Малайзиядагы эң алдыңкы ММКлардын өкүлдөрү. Менимче барганда Кыргызстан тууралуу сөзсүз жазышса керек. Бизге каприздерин көрсөтүштү дешсе Кыргызстанга ким келмек эле?! Дагы уялбай туризм тармагын өнүктүрүш керек деп коебуз. Мындай сервис болсо эч ким келбейт, өзүбүз барып сийип-чычып эс ала беребиз
+3
Holerik10
2015-07-28 10:43:36
Кымбат баалуу деп тапкандары ушул болсо... Андан коро оздору жашаган уйлорду эле мини гостиница кылгандар барго ошолорго эле алып кирбептир,10эсе жакшы тейлешет болчу.
0
bolotbai
2015-07-28 10:46:52
Негизи туризм министри барбы же жокбу?мен да откондо колдо эс алып жатсам,охран байке сиз тамак аш сууларды кайдан алып жатасыз дейт,анан мен уйдон жолдон Бишкектен ала келгем десем.Штраф толойсуз 200сом озубуздон алып ичиниз десе болобу.Озум колдо эс алып жатсам да оозум Ошту карап калды ошондо.
+2
karona
2015-07-28 11:40:34
Бул дагы болсо ошол жердеги иштеген, иштеткен адамдардын маданиятсыздыгы. Алар конокторго кандай сервис корсотулушу керектигин билишпейт, себеби оздору коро элек андай сервисти. Мен айтаар элем Кыргызстаныбыз онуго элек! Башка олкого барсан чемоданыны эле эмес сени кошо которуп киргенге даяр турушат.
+1
Pantherka
2015-07-28 11:58:26
Жонокой уйлорго коноктосонор укмуш сыйлашмак, чуть ли не которуп апарышмак туристтерди ))) негизи колдоуктордун максаты сезондо акча кылуу болду, ал эми Капризди укмуш деп айтышчы эле го биздикилер, анда бизге жарай берсе керек.
0
ahaeva05
2015-07-28 12:10:42
Ииий, уят эле болдукко.Алдын ала бир адамды жиберишсе болмок. Номерлерди алып даярдап турганга.
0
Deniza88
2015-07-28 13:26:43
Баардык жагы жакшы , тока ошол иштеген кызматкерлер кыйын болуп алышкан . Биз тааныштар иштеген учун барчук, эми тааныштар не, маани деле бербейбиз, бирок ачык айтканда кызматкерлер ото начар. Устроили из себя не знаю... Ачык айтканда эптеп эле акча ондуруш керек да .
0
nazira1989
2015-07-28 19:09:33
Жакшы жагыбыз менен тан калтырсак жакшы болмок туугандар,уйубузго конок келсе деле жакшылап меймандайбыз го,келген меймандын колундагы себетин ала коюп...Пейилибизди ондойлучу туугандар...
+1
Aikyn93
2015-07-30 21:26:10
каприз десе эле комнатанын баары эле элитный боло бербейтта ичинде арзаны кымбаты деген бар а булар болсо арзанын алганда анан жамандап атшат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан