Талас облустук ооруканасына жаткырылган Омарга "туруксуз стенокардия" (жүрөк оорусунун бир түрү, жүрөктүн булчуңундагы кан айлануунун бузулушунан пайда болот, оору өтүшүп кеткенде адам инфарктка жетиши мүмкүн) деген диагноз коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда аталган оорукананын башчысы Шаршенбек Жумашалиев SUPER.KG порталына билдирди.
Дарыгердин айтымында, Омардын абалы азыркы тапта жакшы. Ооруканадан качан чыгарылары белгисиз.
Кечээ, 28-июль күнү Талас райондук соту ырчы Омардын баш коргоо чарасын карап, соттун чечиминин негизинде ал бир айга камакка алынган. Чечим чыкканда ырчынын ден соолугу начарлап, “Тез жардам” кызматы аркылуу Талас облустук ооруканасына жеткирилген.
Айта кетсек, ырчы Омар 27-июль күнү кармалган. Ал “Нуржанбек Токтогулов аттуу таанышы менен бирге ишкерден 40 тонна төө буурчак алып, акчасын беришкен эмес” деп айыпталууда.