Сот айыпталуучу Омарды 1 айга камакка алуу чечимин чыгарды, ырчынын абалы начарлап ооруканага түштү

Алдамчылык боюнча айыпталган ырчы Омар (Өмүрбек Жанышев) бир айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Ички иштер министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришти.
"Тиешелүү чечимди Талас райондук соту кечээ, 28-июлда чыгарган. Бирок чечим чыккан соң Омардын ден соолугу начарлап, аймактык ооруканалардын бирине "Тез жардам" кызматы аркылуу жеткирилген",- дешти Ички иштер министрлигинен.
Эскерте кетсек, 27-июлда ырчы Омар кармалып, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул боюнча анын менеджери Миргүл Эсеналиева"Омар алдамчылыкка барчу адам эмес, анын кармалышы "подстава” болуп калды. Ал беш маал намаз окуйт, андай ишке эч качан барбайт. Эгер Омар качып жүрсө, анда ал Таласка келмек эмес. Азыр жактоочуну күтүп жатабыз. Окуянын чоо-жайы такталып жатат",- деп билдирген.
Ал эми ИИМ: “Милицияга Талас районунун тургуну 6-апрель айында кайрылып, "Бакай-Ата районунун тургуну Нуржанбек Токтогулов жана Өмүрбек Жанышев 40 тонна төө буурчак алып, акчаны бербей жатат" деп билдирген. 16-апрель күнү алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөдө аталган жарандардын ишкерден көп көлөмдө төө буурчак алышканы аныкталган. Мындан улам 21-июль күнү Нуржанбек Токтогулов кармалып, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми 27-июль күнү Өмүрбек Жанышев Талас райондук ички иштер бөлүмүнө чакыртылып, жактоочунун катышуусунда суракка алынган. Андан соң протокол түзүлүп, Жанышев камакка алынган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө”,- деген билдирүү таратты. 
Кечээ, 28-июлда ырчыны колдогон чыгармачыл адамдар Талас райондук сотуна кат жолдошкон. Алардын арасында КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, ырчы Нурлан Насип, алып баруучулар Нурзат ТоктосуноваЭркин Рыскулбеков жана башка 50гө жакын чыгармачыл адам бар. Катта “Омардын эч жакка качпашына биз кепил болуп беребиз, аны эркиндикке чыгарууну суранабыз” деп жазылганы айтылган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (72)
aku
2015-07-29 14:52:00
Байкуш Омар,батыраак куноолуу эмес деп бошотулулса экен,туугандары эмес бул жакта мен жаман болуп атам,туугандары ата-энеси кандай акыбалда болду экен?
+1
Afina
2015-07-29 14:53:56
айййй кудай уч уктасам да тушумо кирбейт болчу. бул да болсо сыноо. жараткан сыноолорду жакшы коргон адамдарына берет. бул кундор да туш сымал эле отуп кетет.
0
Chynyshka
2015-07-29 15:41:35
Күнөөлүү болбосо камалмак эмесда соттор деле жөн жайдан 1 айга чечеим чыгарбайтта. Намаз окуп алып терорристик деле кылып жатышпайбы. Намаз окубай туруп кудайга 100 % ишенгендер бар. Намаз окуп туруп кудайга ишенбегендер канча.
-3
ayima_a
2015-07-29 15:47:24
Омардын куноосу жок деп ойлойм ага очошкондор кылса керек да ак ийилет бирок сынбайт демекчи.акталып чыгышына мен ишенем.жок жерден караланса стресске тушту да
0
Bektash
2015-07-29 16:33:02
Омарды жактагандар капа болбогула го, бирок камакка алганда ооруп калыптыр дегенди окуганда , аяяббай күлдүм. Омар дагы келечекте депутат же чиновник болот окшойт :-)))))
-4
Tattybubu93
2015-07-30 01:34:16
Bektash,Kudaidan korkpogon kandai adamsyn??? Maalymatty tak bilip alyp, anan kulson bolmok, uwundai ele jurogun muz bolup katyp kalsa dagy...Omardyn bul jerde ech kandai kunosu jok, taanywyna jardam berem dep, uwundai iwke tuw bolup kaldy dep aityp jatywat sahnalawtary, anan kunosu jok turup kamaka alynsa , den sooluguna doo ketet da, kantip stress bolbosun. Balkim siler kulup tura berettirsiner , birok akyly jainda adamga bul oor sokku bolot....Katu aittsam kechirim suraim
+1
Minka
2015-07-29 16:35:09
Омар акылдуу ыймандуу жонокой жигит Омар.Биз сиз менен
0
ROZA-87
2015-07-29 16:36:00
Мен ишенбейм Омардын мындай кылганына. 5 маал намаз окуган бала кантип ушундай кылмак элек. Апрельде жазса июльга чейин эшек такалаштыбы? Анан Таласка келгенде кармашыптыр. Акылсыздар десе. Бул жон гана жалган жалаа. Омар биз дайым сен мененбиз.
+2
Rahim76
2015-07-29 16:43:46
Омарга окшогон бизде канча.Алса толосун да.Тиги дыйканга эч ким жан тартпайт да.
0
komsomol85
2015-07-29 17:14:56
Досу тарткандыр омарда бар деп
0
nabi89
2015-07-29 17:22:55
Кее бироон омардын жанында жаткандай суйлой сунор аа адамдын ичин кантип билесинер дыйкандар жазы менен кандай кыйын чылыкта алат тоо бурчакты отуруп алып эле суйлой бересинар да
0
Leo.
2015-07-29 17:42:21
Ak iiilet birok synbait! Omardy tez kundo aktashat dep ishenem, Buirusa!
ushunchalyk da kara murtoz bolobu, adamdar! Koro albastyktynda chegi bolso kerek!!! Kim kylsada ozuno kaitat, eki ese bolup!
0
bolush11
2015-07-29 18:10:30
Э кайсы жинди 40 тонна берип коюп 1 жыл журо берет бул бир жомокта
0
Elusha88
2015-07-29 18:37:18
Адам катуу ойлонгондо журогу токтоп калганга чейин жетет.Уктаса тушко кирбеген окуя болуп кетти.Омар катуу стресс болду окшойт,Эл,чыгармачылыктагы ага-инилер,эже карындаштардын астында уят болдум деп дагы ойлонсо керек.Баары жакшы болот буйруса.Алла колдосун.
0
Vegetrianka
2015-07-30 08:11:21
Ким ишенет Омар тоо буурчак м,н бизнес кылат дегенге
0
Bekchoro
2015-07-30 12:54:14
"Омар байкем каякта"

Ойлодум тундон тан ата,
Омар байкем каякта.
Оо Кыргыз эмне болдук биз,
Омарды тыгып камакка.

Кулаалы канатын жайдыбы,
Кумарын кыргыз кандыбы.
Кырып бутуп эрлерин
Омарга жетип калдыбы?

Буркутун канатын жайдыбы,
Бук тушуп жерге кондубу,
Бирден кырып эрлерин,
Болдубу чондор тойдубу?

Жолборстор кетти атылып,
Жерлерин кети сатылып.
Желбиреткен желегин,
Жанышовко да асылдык.

Орт болуп кетти жан дуйнойм,
Омар кишен кийгенде,
Ойлонуп тук жете албай,
Омар камакка киргенге.

Тук тушунбой чондору,
Таза жигит кор болду.
Тарапташпай тартышпай,
Таланттууларды коргойлу..!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан