Президент Бишкектеги райондук соттордун судьялыгына сунушталган 17 талапкердин 11ин жактырды

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьялыгына сунушталган 15 талапкердин 10у президент Алмазбек Атамбаев тарабынан жактырылып, кызматка дайындалышты (өлкө жетекчисинин башка жарлыгы менен райондук соттун судьяларынын мурунку курамы кызматтан бошотулду). 8 судья жаңы дайындалса, 2 судья буга чейинки курамда иштеп келген. Жаңы дайындалган судьялар: 
1. Туратбек Байчаев
2. Эльвира Жаркеева
3. Жылдыз Ибраимова
4. Алмаз Касымбеков
5. Гүлзат Саадабаева
6. Жыпара Сабырова
7. Гаухар Тургунбекова
8. Дөөлөтбек Турдукожоев
9. Санжар Чотонов
10. Галина Шин
Мамлекет башчынын башка жарлыгы менен Чыңгыз Адамкулов Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы кызматына дайындалды.  
Айта кетсек, Сотторду тандоо кеңеши быйыл 31-июлда президентке Ленин, Свердлов жана Октябрь райондук сотторунун судьялары кызматына дайындоого 17 талапкердин тизмеси киргизилген. Президент 4-августта талапкерлер менен баарлашуу өткөрүп, жыйынтыгында 6 талапкер боюнча материалдарды артка кайтарды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан