Биз социалдык тармакта

Месси менен Роналду алгач ирет бир командада ойношу мүмкүн

Аргентиналык футболчу Лионель Месси кесиптеши Карлос Тевестин коштошуу беттешине катышарын ырастады. Бул тууралуу спорттук басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, беттеш 20-декабрда өтөт. Ага португалиялык футболчу Криштиану Роналду да чакырылган. Бирок анын катышары азырынча тастыктала элек.

Эгерде Роналду чакырууну кабыл алса, дүйнөлүк футболдун эки жылдызы тарыхта биринчи жолу бир команданын курамында ойношу мүмкүн.

Белгилей кетсек, Карлос Тевес буга чейин Месси менен Аргентинанын курама командасында, ал эми Роналду менен "Манчестер Юнайтед" клубунда чогуу ойногон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан