Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алынган. Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык-экономикалык абалын жакшыртууга, турукташтырууга жана колдоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүгө багытталган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.