Каржы министрлиги Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2016-2018-жылдарга божомолу боюнча коомдук угууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу 11-августта аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Иш-чарага Каржы министрлигинин, жарандык коомдун, бюджеттик уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана аймактык аткаруу органдарынын жетекчилери катышууда. Көчмө бюджеттик угууларды өткөрүүнүн негизги максаты мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде бюджеттин ачык-айкындуулугун, бюджеттик процесстерге жарандардын кызыгуусун арттыруу жана аларды бул процесске активдүү катыштыруу болуп саналат.
2016-2018-жылдарга орто мөөнөттүү стратегия макроэкономикалык турукташууну бекемдөөгө жана экономикалык өсүштү камсыздоого багытталат. Социалдык саясат жаатында жарандардын аярлуу категориялары үчүн социалдык коргоо жаатындагы мамлекеттин кепилдиктерин камсыздоо, калктын турмушун жакшыртуу жана жакырчылыкты азайтуу 2016-2018-жылдарга негизги милдеттерден болуп калууда.
Каржы министрлигинин адистери бюджеттин кириешеси жыл сайын өсүп келе жаткандыгын белгилешүүдө. Алсак, 2012-2014-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 1,4 эсеге же 86,8 миллиард сомдон 119,4 миллиард сомго чейин өскөн. Бюджеттик кирешелердин өсүшүн камсыз кылган башкы булак мурдагыдай эле салыктык түшүүлөр болуп саналат. Каралган жылдарда салыктык жыйымдардын көлөмү 1,3 эсеге же 63,9 миллиард сомдон 82,6 миллиард сомго чейин өскөн. Салыктык кирешелердин орточо жылдык өсүш темпи 116 пайызды түзгөн. Экономикалык өсүш жана мыйзамдардын өркүндөтүлүшү каралган мезгилдеги салыктык жыйымдардын өсүү фактору болуп саналат.
Орто мөөнөттүү келечекте (2016-2018-жылдары) бюджетке түшүүлөрдүн өсүү тенденциясы сакталары пландалууда. Бюджеттин кирешелери 2016-жылы 138,4 миллиард сом болсо, 2018-жылы 161 миллиард сомго чейин өсмөкчү. Орто мөөнөттүү келечекте бюджеттик кирешелердин көбөйүшү негизинен салыктык түшүүлөрдүн өсүүсүнүн эсебинен жүзөгө ашырылмакчы. Алсак, салыктык кирешелердин номиналдык көлөмү 2016-жылы 111,5 миллиард сом болсо, 2018-жылы 135,9 миллиард сомго чейин көбөймөкчү.