ЕАЭБдин аймагында товарларды алып өтүү төлөмдөрсүз жана бажы көзөмөлүсүз жүргүзүлөт. Бул тууралуу 12-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Ушуга байланыштуу экономикалык коопсуздукту камсыз кылуудагы негизги күч-аракет Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы чек араларына багытталат.
"Ошону менен бирге кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайларында чек ара көзөмөлү мурдагыдай эле тартипте жүргүзүлөт. “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү жайы жүргүнчүлөрдү өткөрүү жайы болуп саналат. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасына келип жаткан жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле “Ак-Жол” бекетинде транспорт каражаттарынын агымын азайтуу максатында жүк ташуучу транспорт каражаттары “Ак-Тилек” жана “Чалдыбар” бекеттерине жөнөтүлөт",- деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, бүгүн, 12-августта кыргыз өлкөсү ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуп, кыргыз-казак мамлекеттеринин ортосундагы бажы көзөмөлү алынды.