ЭЛДИК КАБАР: Эки жарым айдан бери дайынсыз деп изделген 63 жаштагы Баткендин тургунунун жансыз денеси Тажикстандын аймагынан табылды

2015-жылдын 7-июнунан бери изделип жаткан Баткен шаарынын тургуну Сарахан Нурматованын жансыз денеси Тажикстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу окурман Whatsapp аркылуу бүгүн, 19-августта SUPER.KG порталына кабарлады.
"Тажикстандын Исфара аймагындагы иштебей калган шахтанын ичинен белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Экспертизанын жыйынтыгында ал эки жарым айдан бери изделип жаткан чебер аял экени аныкталган. Бүгүн сөөгү жерге берилди",- дейт окурман.
Эске салсак, С.Нурматованы издөөгө көмөктөшүү суранычы менен анын жакындары буга чейин кайрылышкан эле. Алар маркумду акыркы кездерде Кызыл-Кыя, Кадамжай, Ош шаарларынан көргөндөр болгонун билдиришкен эле.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Eli75
2015-08-19 22:06:58
Аллах Таала туугандарына сабыр берсин, Сарахан эненин жаткан жери жайлуу, жаны Жаннаттан болсун. Тажикстанга жалгыз барганы кейитет...
+4
Biinura
2015-08-19 22:33:25
Жайы жаннаттан болсун.
+3
kirgizstan
2015-08-19 22:40:28
Ииий байкуш эже жайыныз жаннаттан болсун тириликтин айынан сатуучулук кылып жургонго. Олуму табышмак бойдон калды да эми. Тажикстандан ким барып териштирип карамак чек арадан канча жолу кылмыш болсо ошол бойдон жымжырт калып калтат
+7
Medina87
2015-08-19 23:38:08
Жаткан жери жайлуу болсун эженин!! Пайгамбар жашында тиричилик деп ажал торуна жат жерде кабылганы окунучтуу...
+3
erikkarakulja
2015-08-19 23:58:50
Аллахым бейишинен насип эткен болсун
0
aikol87
2015-08-20 00:19:38

Кечиресиздер бул эже аяш энебиз болот. Эже Хужант облусуна Атуш базарына барып кайткан эмес.Жанында товарлары алтын буюмдары болгон балдарында ошондон бери Таджикистан Р.издеп жатат . Аяш энебиз колу гул ууз чебер .... Ушул билдирууну бир окурман жазган экен эле.значить ХХХ ХХХ ХХХ.Жаткан жери жайлуу болсун.
+1
admin_superstan
2015-08-20 10:07:03
aikol87, улуттар арасында түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүңүз үчүн 8 күн БАН!
-3
al-abu-kinesz
2015-08-20 03:07:52
ии байкуш, тиричилик деп... Аллахым бейишин берсин, жакындарына сабыр берсин.
0
Tolosh
2015-08-20 08:29:16
иии байкуш эже жаткан жери жайлуу болсун,сурагы женил болсун
0
Kunbeken
2015-08-20 09:44:44
Бугун бир кыргызды олтурот эртен экини ун чыкпасак дагы да кобойто берет ыйлап ыйлап комуп коюшат кыргыздардын колунан мындан башка не келмек эле деп. Ошондуктан мамлекет тарабынан катуу чара коруу керек.
+2
Kunbeken
2015-08-20 09:47:02
Жаткан жери жайлуу болсун!
0
Akkaynt
2015-08-20 12:46:04
Жаткан жери жайлуу болсун!!!интенрнеттен коргонбуз издеп жатабыз деп баласы чыккан камерага тушуп калыптыр таджикстанда бир магазинде жанында бир тажик бала кошо журот сеткасын которуп дешкен эле мм
0
admin_superstan
2015-08-20 13:25:57
Akkaynt, провокация жаратуучу билдирүү жазуудан алыс болуңуз! Эскертүү!
0
zoro21
2015-08-20 15:40:00
өкүнүчтүү өлүм!!Кантсе да ажал да...топурагы торко болсун,аллахым бейишинен берсин((((((((((
0
Altynaika01
2015-08-20 16:11:45
Бул окуядан кийин биз да атуш базарга барбай калдык.Жаткан жери жайлу топурагы торко болсун.жакындарына конул айтабыз.
0
Altynaika01
2015-08-20 16:15:18
Биз машина менен ото албайбыз эгерде кыр.номери болсо.жолдон тажик машинага олтурабыз а алар болса оздорунун машинасы м.н биздин четки айылдарга келе беришет.окмот ошолорду карабайт да.бир аз акча берсе киргизе беришет.
0
Nur1k_
2015-08-21 02:23:22
ХХХ ХХХ ХХХ Акыры силер деле биз деле мусулманбызго?
0
admin_superstan
2015-08-21 11:09:31
Nur1k_, провокация жаратпаңыз! Улуттар арасында түшүнбөстүк жаратуучу билдирүү жазуудан алыс болуңуз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан