Түштүк Кореядагы "Жибек жолу маданияты" фестивалын кыргыз маданият өкүлдөрү ачып беришет

Түштүк Кореянын Кёнжу шаарында "Жибек жолу маданияты" аттуу Эл аралык фестиваль бүгүн, 21-августта ишин баштады. Фестивалды кыргыз жеринен барган өнөрпоздор ачып беришет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Бүгүн кечинде баштала турган салтанатка акыркы даярдыктар көрүлүп жатат. Кыргыз ырчы-бийчилеринин өнөрүнөн сырткары фестивалдын коноктору "Гранд Базар" аянтында кол өнөрчүлөрдүн эмгеги коюлган көргөзмөгө да күбө боло алышат",- деп айтылат маалыматта.
"Жибек жолунун маданияты" фестивалы 1998-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл ага 16 мамлекеттин өкүлдөрү катышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан