Кечээ, 26-октябрда Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугушууда жергиликтүү тургун президент Садыр Жапаровго кайрылып, өзү сатып алган кафеге байланыштуу маселе боюнча даттанды.
Жаннат айым 2022-жылы иштеп жаткан кафени 8 миллион сомго сатып алганын, бирок учурда УКМК кызматкерлеринин доо арызына байланыштуу имарат боюнча талаш жаралганын айтты.
"Бүгүнкү күндө кызыл китеп менин колумда, мамлекеттик каттоодо дагы менин атымда каттоодо турат. Өз эмгегим менен сатып алгам. Бул имаратты оңдоп, түздөп, ишке киргизүү үчүн банктан насыяларды алганбыз. Ошондой эле Бишкек шаарынан үй-бүлөлүк бизнес кылалы деп, баламдын жана өзүбүздүн үйдү сатып, ушул ишке киргизгенбиз. Биринчи кабатын 200 орундуу тойкана, кафе, экинчи кабатын 25 орундуу мейманкана кылып бүгүнкү күндө иштетип келе жатам",- деди ал.
Маселенин чоо-жайын билгенден кийин президент Садыр Жапаров кафени Жаннат айымга калтырууну тапшырды.
"Аким, сиз алсаңыз кафе кылып иштете аласызбы? Акимиатка алып бергениңер менен кафенин “К” тамгасын иштете албайт. Ак ниеттүү сатып алуучу кылып калтырып бергиле. Тартып алган менен эч пайда жок",- деди өлкө башчысы.