2015-жылдын 21-августунда Түштүк Кореянын Кёнжу шаарында "Жибек жолу маданияты" Эл аралык фестивалынын ачылыш аземи өттү. Кыргыз маданиятынын өкүлдөрү өнөрүн тартуулаган соң иш-чара ачык деп жарыяланды. Саамалыкты Түштүк Кореянын премьер-министри
Хван Гёан куттуктоо сөзү менен ачып берди. Фестивалга маданият министри
Алтынбек Максүтов катышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Жибек жолу маданияты" фестивалы 1998-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйылкы иш-чарага 16 мамлекет катышууда.