ЭЛДИК КАБАР: Базар-Коргон районунун Чкалов айылында таза суу чыгарылды

Базар-Коргон районунун Чкалов айылына 6,5 чакырым аралыктан таза суу үчүн желим суу түтүктөрү тартылып, бүгүн аталган айылга таза суу чыгарылды. Айыл эли эл өкүлүнүн демилгеси менен Республикалык түрткү берүүчү грантка долбоор жазып, суу чыгарууга 2 миллион 992 миң сом акча каражаты жумшалды. Айыл тургуну Болотбек Таабалдиевдин айтымында, таза суу СССР учурунда да чечилбей келген болсо, эми жашоочулар өз короосунан таза суу ичүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
jugorsk
2015-08-22 16:48:07
аа байкуш чкаловдуктар кургап эле жатчы эленер сууга жетип жыргап калыпсынарда
-5
Bekchoro
2015-08-22 17:21:28
Озубуздун крантыбыздан аккан суулар козумдон учупатат Москванын хлор суусун ичип журом аттин ай.
0
Tuke8686
2015-08-22 18:11:40
Bekchoro, келебер ертен
0
karona
2015-08-24 12:51:15
Tuke8686, чакырып алып силер багасынарбы? Андай болсо айтып кой мен да жетип барайын.
0
Nur.88
2015-08-22 21:21:18
Жакшы иш болуптур эми копуро да салдыргыла
+1
afonia8282
2015-08-23 01:04:08
Жакшы жанылык болуптур..кыргызым алга
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан