"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2010-жылдын супер күлкү жаратуучусу", "тамашоучу" Азамат Исмаилов бүгүн, 24-августта уулдуу болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына куудул өзү билдирди. Анын айтымында, тун баласы бүгүн саат 03:15те 3 килограмм 300 грамм салмак менен жарык дүйнөгө келди.
“Эртең менен мечитке барып дуба кылып, көптөгөн жакшы адамдардан каалоо-тилек уктум. Абдан толкунданып жатам, менин ичимде болуп жаткан сезимдерди сөз менен түшүндүрүп берүү кыйын. Уулум апасы менен иниме окшошуп кетет экен. Азырынча ысым тандай элекпиз, мындай маанилүү ишти чоң атасы менен чоң энесине тапшыргам. Учурда келинчегимдин жана баламдын ден соолуктары жакшы. Бир-эки күндө төрөт үйүнөн чыгарабыз деп турабыз.
Учурда жашоом жакшы жаңылыктарга толуп турган чак, анткени балалуу болуунун астында, эки күн мурун Lexus GS 300 үлгүсүндөгү темир тулпарлуу болгом”,- деди Азамат Исмаилов.