Япониялык окумуштуу Казуе Ямагаши тиштин куртун жок кылуучу тиш пастасын ойлоп тапты. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта чет өлкөлүк басма сөз булактары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, революциялык тиш паста тиште пайда болгон жылчык-тешиктерди эч кандай оорутуусуз эле бүтөй алат. Мындан тышкары тиш эмалын стоматологдун жардамы жок эле калыбына келтирет. Жаңы табылга өзүнүн курамы боюнча тиш эмалына окшош, аны тиштеги жаракага сыйпаса болот. Материал тиштин башкы компоненти катары саналган гидроксилапатит менен болгон эксперименттен кийин алынган.
Жаңы тиш пастасы курт түшкөн эмалды бир аз эритет, 3 мүнөттөн соң ал кристаллдашып катыйт. Материал тиштин структурасына табигый түрдө орношот. Бул ошондой эле антибактериалдык жакшы курал болуп эсептелет. Япониялык стоматологдордун өткөргөн тестине ылайык, жаңы тиш пастасынын жардамы менен бүтөлгөн тиш таза тиш менен өтө окшош болгон, айырманы микроскоптун жардамы менен да көрүүгө мүмкүн эмес.