Ленин чокусунан 6 тоннага жакын таштанды чогултулду

Ленин чокусунан 6 тоннага жакын таштанды чогултулду. Мындай маалыматты бүгүн, 25-августта SUPER.KG порталына Жергиликтүү жаратылышты коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүү фондунун аткаруучу директорунун орун басары Булан Шаршеев билдирди. Анын айтымында, бийик чокуну акыр-чикирден тазалоо иш-аракеттери быйылкы жылдын июнь айында башталган.

Учурда Ленин чокусунан 5-6 тонна таштанды чогулду. Бул акция 1-сентябрга барып аяктайт, ага чейин тазаланган таштандынын көлөмү 8-9 тоннага жетиши мүмкүн. Иш-чараны өткөрүүгө деп фонддун эсебинен 2 миллион 120 миң сом бөлүнгөн. Мындан тышкары демөөрчүлөр 1 миллион сомдон ашык каражат беришти.

Тазалоо жумуштарына альпинисттер жана жергиликтүү тургундар тартылды. Атайын даярдыгы бар альпинисттер 5300-6100 метр бийиктикке, ал эми жергиликтүү жашоочулар 4200 метрге чыгып жатышат. 1 килограмм чогултулган таштанды үчүн 90 сомдон төлөнүүдө, бирок кээ бир активисттер бекер эле иштеп жатышат.

Мындай акция экинчи ирет өткөрүлүп жатат. Биринчи жолу 2009-жылы өткөрүлүп, анда Ленин чокусунда каза болгон эки альпинисттин денеси түшүрүлгөн. Кудайга шүгүр, быйыл адамдын денесин тапкан жокпуз, консерва банкалары, батарейкалар, полиэтилен баштыктары, альпинисттердин бут кийимдери жана башка таштандылар чыгууда”,- деди Шаршеев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bektur2
2015-08-25 16:15:20
Анчалык коп таштандыны альпинистерден башка ким ыргытмак эле каттуу чара коруп альпинисттерди таштандынды чогулта кел деп козомолдосонор мынча коп акча каражаты эконом болмок
+7
Мэри
2015-08-25 16:28:18
Жакшы иш кылып жатышкан экен, бирок чын эле көп каражат кеткен го...
+2
bolotbai
2015-08-25 16:50:43
Чет элдик адамдар бир нерсе кылса,биздин окмот ойлонбой туруп акча же вертолёт болушот.Ошончо мусорду чет элдик альпинисттер ташташат да.
+2
zamir_kgz
2015-08-25 17:48:39
Альпинисттердин олук денесинда таразага тартылып мусор катары эсептелиндиби ? - ошондо.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан