Бүгүн, 28-августта Кыргыз мамлекеттик мемориалдык Фрунзе атындагы музейинде “Эгемендүү кыргыз өлкөсү” аттуу көргөзмө ачылды. Ага өлкөбүздүн эгемендүүлүктү алгандан кийинки тарыхындагы, маданиятындагы, экономикасындагы маанилүү окуяларды камтыган 130дан ашык фото-документтер коюлду. Фрунзе музейинин илимий кызматкери Касиет Тилекматованын айтымында, көргөзмө бир айдан ашык убакытка чейин турат.
“Көргөзмөнү даярдоого 3 айдан ашык убакыт сарптадык. Бул жерден Конституция, кыргыз сому, өлкөбүздүн өзүнүн орден-медалдарынын иштелип чыкканы туурасында жана башка маалыматтарды табууга болот. “Миң уккандан, бир көргөн артык” демекчи, патриоттук сезимди дагы бир жолу ойготкон көргөзмөнү көрүп кетүүгө шаардыктарды чакырабыз. Кирүү акысыз”,- деди Тилекматова.