24-30-август күндөрү Минск шаарында өткөн үй-бүлөлүү айымдар арасындагы дүйнөлүк сынакта кыргыз жеринен барган
Таңсулуу Өмүрзакова "Сулуулук айымы" наамына татыктуу болду. Бул тууралуу Беларусь басылмалары жазып чыгышты.
60 өлкөнүн сулуусу ат салышкан сынакта баш байгени канадалык модель жана актриса Эшли Бернем жеңип алды. Ал эми Түштүк Африканын сулуусу 1-орунду алса, андан кийинки орунду Украина жана Коста-Рикадан келген айымдар багындырышты.
Үй-бүлөлүү айымдар арасында өткөрүлүп келген сулуулар сынагынын максаты айымдарга карата зомбулукка коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.