Бүгүн, 31-августта Бишкектеги "Манас" кинотеатрында "Раззаков" тасмасынын бет ачары өтүп жатат. Иш-чарада мурунку өкмөт башчы
Жантөрө Сатыбалдиев сөз сүйлөдү. Тасманын ачылышына кино тармагынын адистери, сынчылар, күйөрмандар жана тасмада образ жараткан актёр, актрисалар келишкен.
Айта кетсек, тасмада белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун өмүрү чагылдырылат.