Өлкөдө 6-сентябрда "Өзүңдү тизмеден текшер!" аттуу акция старт алат

Кыргыз мамлекетинде 6-сентябрда парламенттик шайлоого карата "Өзүңдү тизмеден текшер!" аттуу акция старт алат. Муну 2-сентябрда парламенттик шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. 
Сарпашев айрым саясатчылардын буйругу менен кээ бир активисттер биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган жарандарды да добуш берүүгө катыштыруу зарылдыгы тууралуу ММКлардан билдирүү жасап жатышканын белгиледи.
"Жоопкерчиликтүү түрдө белгилейм, добуш берүү укугуна биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар гана ээ болушат. Башка жасалма жолдорго барбайбыз. Бүгүнкү күндө добуш берүүгө укуктуу жарандардын саны 2 миллион 521 миң. 19-сентябрга чейин биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын саны 2 миллион 600 миңге жетери күтүлүүдө. Шайлоону таза өткөрүү боюнча мамлекет жетекчилиги тарабынан чечкиндүү кадам жасалган",- деп билдирди Сарпашев. 
Биринчи вице-премьер бардык шайлоо тилкелеринде шайлоочулардын тизмеси сакталган компьютер коюларын, акция учурунда шайлоочу өзүн тизмеден текшерип алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан