Юстиция министрлигинде 2-сентябрда Ченемдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө тартылган сүрөттөрдөн айрым кызматкерлер бейкапар уктап отурганын көрүүгө болот.
Мекемеден билдиришкендей, жыйында 9 ченемдик-укук актысынын долбоорлору каралды, мунун 6сы мыйзам долбоорлору, 3ү өкмөттүн токтом долбоорлору. Бардык долбоорлор көрсөтүлгөн редакцияда ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан жактырылганы айтылды.
"Жыйында Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, өкмөткө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы менен Ченемдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 2015-жылдын 21-июлундагы отурумунда жактырылган ченемдик-укуктук актылардын долбоорлору боюнча отчёттору угулду",- деп айтылат маалыматта.