Бүгүн, 4-сентябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Дүйнө элдеринин Эл аралык III фестивалы башталды. Иш-чаранын уюштуруучусу Дамира Алышбаеванын айтымында, аталган фестивалга быйыл 15 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.
"Кыргыз көчү" аттуу этнографиялык айылчабызда салтанаттуу түрдө боз үйдүн түндүгү көтөрүлөт. Ошондой эле "Көчмөндөр стили", дастанчылардын сынактары өткөрүлөт. Маданий иш-чарабызды бир күн өткөрөлү дегенбиз, бирок эки күнгө созулмай болду. "Ала-Тоо" аянтына 20га жакын боз үй тигилип, ар биринин ичинде кыргыздын каада-салттары көрсөтүлөт",- деди Алышбаева.
Айта кетсек, Дүйнө элдеринин Эл аралык III фестивалы биринчи жолу 2006-жылы 25 өлкөнүн катышуусу менен өткөн.