Бүгүн, 4-сентябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Дүйнө элдеринин Эл аралык III фестивалынын алкагында "Көчмөндүн стили" аталышында жаш дизайнерлердин сынагы өтүүдө. Иш-чарада кыргыздын улуттук кийимдеринин түрдүү формалары көрсөтүлүп жатат. Сынактын калыстар тобунун курамына өлкөнүн атактуу дизайнерлери киришти. Алардын элегинен 10 дизайнер өтүп, 4 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.
Ошондой эле сынак музыкалык программа менен коштолууда.