Путин Тажикстанда болуп жаткан окуяларга "кырдаалды курчутуу аракети" деген баа берди

Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, акыркы күндөрү тажик өлкөсүндө орун алган окуяларды талкуулады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, кылмыштуу топ тарабынан милиция бөлүмүнө жана Коргоо министрлигинин борбордук аппаратына карата чабуулга Путин "өлкөдөгү кырдаалды курчутуу аракети" деген баа берди. Өлкө лидерлери 15-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынында эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүүнү макулдашышты.
Эскерте кетсек, 4-сентябрда таңга маал кылмыштуу топ Дүйшөмбүгө жакын жайгашкан Вахдат шаарынын Ички иштер башкармалыгына куралдуу чабуул жасаган. Ошол эле күнү борбор калаадан аэропортко барчу унаа жолунда согушчандар менен милициянын ортосунда да ок атышуу болгон. Кечээ, 5-сентябрда өлкөнүн күч түзүмдөрү Дүйшөмбү шаарына жакын аймакта кылмыштуу топко каршы операцияны башташып, анын жүрүшүндө топтун 32 мүчөсүн кармап жана 13үн өлтүргөн. Ал эми милиция кызматкерлеринен 9 адам курман болуп, 6 жаракат алган. Мындан кийин кылмыш тобун башкарган экс-коргоо министри Абдухалим Назарзода 7-8 шериги менен Дүйшөмбү шаарынан 150 чакырым алыстыктагы Рамит капчыгайына жашынганы айтылган. 
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Назарзоданы кармоо боюнча операцияда өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн 9 кызматкери каза тапты. Азыркы маалга чейин Тажикстандын ИИМи операциянын бүткөнү же бүтпөгөнү боюнча расмий маалымат бере элек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан