Борбор калаада 18-сентябрда “Көңүл эргүү” аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы өтөт

Бишкекте 18-сентябрда “Көңүл эргүү” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына иш-чаранын уюштуруучусу жана сүрөттөрдүн автору Канат Нагаев билдирди. Анын айтымында, көргөзмө 30-сентябрга чейин уланып, ага 35тен ашык эмгек коюлат.

“Иш-чаранын жүрүшүндө “Кыргыз жеринин биринчи балеринасы” аттуу эмгегимди Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине тапшырам. Ошондой эле «Ак кеме» аттуу сүрөтүмдү Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрына, ал эми “Таттыбүбү Турсунбаеванын элесине” аттуу сүрөттү Чаектеги Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназияга белек катары берем”,- деди сүрөтчү.

Канат Нагаев сүрөт тартуу чеберчилиги боюнча эч кандай окуу жайды бүтүрбөгөндүгүн билдирип, аталган көргөзмө ал үчүн биринчи жолу өткөрүлөрүн белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан