Бишкекте "10-канал" аттуу жаңы комедиялык сериал жарык көрөт. Аталган лента SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнөн жана ЭлТР телеканалынан 20-сентябрдан тарта көрүүчүлөрдүн назарына тартуулана баштайт. Комедиялык тасманын режиссëру Бакай Эгендин айтымында, "10-канал" жалпысынан 10 сериядан туруп, бир сериянын узактыгы 30 мүнөттү түзөт.
"Сериалдын үч башкы каарманы болот жана эпизоддорго 10го жакын адам тартылат. Анда тележурналистика тармагынын бардык оош-кыйыштары, кесиптештер арасындагы интригалар жана жашоодон алынган ар кандай абалдар күлкүлүү формада чагылдырылат. Тасманын бюджети болгону 1 миллион сом. Чыгармачыл топту көбүнчө ЭлТР телеканалында эмгектенген журналисттер жана операторлор түзөт",- дейт режиссëр.