Бишкекте мигранттар үчүн "кара тизмеден" чыгуунун мыйзамдуу жолдорун камтыган 2 миң нускада маалымат баракчасы чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда маалымат жыйындын жүрүшүндө демилгечи Елена Череменина билдирди.
Анын айтымында, бул баракчада Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын тизмесинен чыгуу процедурасы түшүндүрүлгөн жана бардык керектүү документтер көрсөтүлгөн. "Бул маалымат баракчасы паспорт столдорунда, Жарандарды каттоо бөлүмдөрүндө, Калкты тейлөө борборлорунда, миграциялык өкүлчүлүктөрдө, республиканын чек арасындагы көзөмөлдөө пункттарында жана Бишкек, Ош шаарларынын аэропортторунда кагаз толтуруучу жерлерге илинет",- дейт Череменина.
"Өлкөбүз ЕАЭБге кошулганына байланыштуу кыргыз эмгек мигранттарынын статусу өзгөргөн. Жаңы эрежелерге ылайык, Орусияда иштеген кыргыз жарандары ноябрь айына чейин мыйзамдуу түрдө иштөө үчүн Орусиянын аймагынан чыгып, кайра кириши керек болчу. Бирок эмнегедир 180 миңден ашык мекендешибиз бул процедураны жасоого шашылбай жатат. Менин оюмча, бул маалыматтын жетишсиздигинен улам болууда",- деп кошумчалады ал.