11-сентябрда Бишкектеги Улуттук китепканада көрүнүктүү акын, прозаик, драматург, котормочу, публицист, Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсуновдун 80 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда китепкананын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылышына мамлекеттик, коомдук ишмерлер, маданияттын, илимдин кызматкерлери, студенттер жана таланттын окурмандары катышат.
Э.Турсуновдун чыгармачылык жолу мектепте окуп жүргөндө башталып, алгачкы “Гүл” аттуу ырлар жыйнагы 1956-жылы жарык көргөн. Андан кийин “Булбул” (1961), “Жигиттер” (1970), “Бийиктик” (1975), “Автопортрет” (1978), “Чексиз сүйүү” (1983) жана башка ыр жыйнактары чыгарылган. Анын калеминен жаралган ырлардан башка дагы “Бадахшан” (1981), “Ата Журт” (1990), “Таттыбүбү” (1999), “Жоомарт Бөкөнбаев” (2000), “Балбай” (2002), “Ажал айтып келбейт”, “Автопортрет”, “Боронбай” (2004), “Биздин замандын баатыры” (2007), “Эл душманы” (2010) сыяктуу прозалар жана романдар, тарыхый инсандарга, окуяларга арналган мыкты чыгармалар, көзү өтөр алдында “Муктаждык” ырлар жыйнагы жарык көргөн.
Эрнис Турсунов
дүйнөлүк жана орус классиктеринин чыгармаларынын чебер котормочусу катары
А.С.Пушкиндин, А.Н.Некрасовдун, Шекспирдин, С.Есениндин, Р.Гамзатовдун,
Сервантестин, Н.Хикметтин, Брехттин, Рудаки, Камюнун чыгармаларын,
мусулмандардын ыйык китеби “Куранды”, христиандардын “Библия” китебин кыргызчага
которгон.
Э.Турсуновго "Кыргыз Эл акыны", "Кыргыз
Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери" деген ардактуу наамдар берилген.
Адабият, маданият тармагындагы берилүүчү “Түгөлбай ата” Эл аралык коомунун,
А.Токомбаев, Ж.Бөкөнбаев, Т.Турсунбаева атындагы сыйлыктардын лауреаты,
грамоталар жана Кыргыз ССРинин Жогорку
Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.