Бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ырчы, музыкант, куудул, "Маданияттын мыкты кызматкери" наамынын ээси Кубик Калыковдун "Сахнада 25 жыл" аттуу отчёттук концерти өтүп жатат. Кеченин башталышында Калыковдун өмүр баянына арналган видео жана фото-слайд көрсөтүлдү. Андан соң белгилүү мультфильмдердин каармандары Шрек, Спанч Боб, Микки Маустар тамгалар жасалган кубиктерден "Куудул", "Комуз", "Кубик" деген сөздөрдү түзүшүп, келгендерге шаңдуу маанай тартуулашып, кечени ачып беришти. Концерттин программасына ылайык, кыргыздын улуттук бийинен сырткары заманбап бийлер, сатиралык номерлер көрсөтүлүп, Кубик Калыковдун жана анын ырчы досторунун ырлары аткарылмакчы.
Айта кетсек, К.Калыковдун концерти 9-10-сентябрь күндөрүнө белгиленген.